Радио

Бектеналиев: "Ак кемедеги" Нургазыга грамота да бериле элек

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган "Кино жана өспүрүм" долбоорунун автору жана жетекчиси Булан Бектеналиев жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда роль жараткан актёрлорго көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Бектеналиев: "Ак кемедеги" Нургазыга грамота да бериле элек

"Ак кеме" тасмасында Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиевге грамота да берилген эмес. Бул тууралуу Булан Бектеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жок жегенде Айтматов жылында улуу жазуучубуздун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы каармандарга көңүл буруу керек.

"Учурда "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин 1-2 ыр чыгарып эле ырчылар алып жатат. Анын ордуна тарыхый тасмаларда роль жараткан актёрлорубузга көнүл бурулса жакшы болот эле. Нургазы Сыдыгалиевге жада калса өкмөт тарабынан грамота берилбегени мени таң калтырды", — деди Бектеналиев.

Ал "Кино жана өспүрүм" долбоорунун максаты Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жаштарга таанытуу экенин кошумчалады.