Май айына карата газдын баасы кымбаттады

1-майда доллардын расмий курсу 68,78 сомду түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Май айына карата жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 14,41 сом деп белгиленгенин "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда газдын бир метр кубу 17,66 сом болду.

Белгилей кетсек, апрель айында газ калк үчүн да, ишканалар үчүн да алты тыйынга арзан болчу.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ар бир айдын башында КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти бекитет. 1-майга карата доллардын расмий курсу 68,78 сомду түздү.