Ленинград блокадасына катышкан жалгыз бой аялга жардам берилди

Ленинград блокадасынын катышуучу жалгыз жашайт, ага кошуналары каралашып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасынын аскерлери Жеңиш майрамын утурлай Ленинград блокадасынын катышуучусу Зоя Замковаяга жардам беришти. Бул тууралуу авиабазанын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
ЖККУнун "Кант" авиабазасынын аскерлери Жеңиш майрамын утурлай Ленинград блокадасынын катышуучусу Зоя Замковаяга жардам беришти
2 / 4
Учурда Замковая эч жакка чыга албайт, каралашаар тууганы да жок. Ага Гуля аттуу коңшу аял жардам берип келет
3 / 4
Аскер кызматкерлери Замковаянын үйүнүн короосундагы таштандыларды, жакында болгон шамалдан улам үйдүн чатырына түшкөн бутактарды тазалап беришти
4 / 4
Эми аскер кызматкерлери Зоя Замковаяга дайыма келип жардам берип турмай болушту.

"Кант" авиабазасынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алды
Ага ылайык, учурда Замковая эч жакка чыга албайт, каралашаар тууганы да жок. Ага Гуля аттуу коңшу аял жардам берип келет.

Аскер кызматкерлери Замковаянын үйүнүн короосундагы таштандыларды, жакында болгон шамалдан улам үйдүн чатырына түшкөн бутактарды тазалап беришти. Ошондой эле анын короо-жайын оңдошкон.

Эми аскер кызматкерлери Зоя Замковаяга дайыма келип жардам берип турмай болушту.