"Кыргызтелекомдун" башчысы жана дагы үч жетекчи кызматтан алынды

Директорлор кеңеши эки күндүн ичинде компаниянын жаңы жетекчисин шайлашы кажет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКтын башчысы Марат Каратаев кызматтан алынды. Бул тууралуу аталган мекемедеги өздүк булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ошондой эле компаниянын башкаруучулугунун үч мүчөсү — Мирлан Карабукаев, Жумамүдүн Жумалиев жана Аскар Исаков дагы кызматынан бошотулган.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Эми директорлор кеңеши компаниянын жаңы жетекчисин эки күндүн ичинде шайлашы керек.