Комитет Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктап чыккан.
Тийиштүү документтери жок дүйнөлүк маркалардын продукциясы жүктөлгөн унаа 27-апрель күнү кармалган.
Видеодо машинанын бортун ачып, уюлдук телефондор салынган таңгактар табылганын көрүүгө болот. Телефондор коробкада эмес, пакетке оролуп турганы байкалат.
Товардын болжолдуу баасы 30 миллион сом экени аныкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Документтерди жасалмалоо) жана 204-берене (Контрабанда) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат.