Караколдогу төрөт үйүндө балдарга оору жуктуруу фактысы боюнча иши козголду

Жаңы көз жарган келиндер дарыгерлердин үстүнө арызданышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга остеомиелит инфекциясынын жугушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ЖМКларга жарандардын кайрылуулары жарыяланган. Төрт келин алардын төрөтүн кабыл алган дарыгердин үстүнөн арызданып, текшерүү учурунда жарыкка келген төрт ымыркайдын остеомиелит оорусуна чалдыкканы аныкталган.

Төрөтканада алмашып кеткен ымыркайлар. Тайкы тагдыр, 30 жылдан кийинки табышуу
Бул оору төрөт үйүнүн жана Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын дарыгерлери тарабынан убагында аныкталган эмес.

Остеомиелит дарты өрчүшүп кетип, балдар майып болуп калган. Медициналык-социалдык экспертизанын жыйынтыгы менен ымыркайлар Каракол шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан майып катары каттоого алынган.

Каракол шаарындагы бул төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга оору жугуу боюнча дагы бир нече учурлар аныкталууда.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 119 (медицина кызматкерлеринин өзүнүн ишин ойдогудай аткарбоосу) жана 316-беренелери (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголду.