Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы төбө чачты тик тургузган сегиз соттук чечимди сунуштайт.
Кошунасын зордуктап…
Аялы менен ажырашып кеткен киши мас болуп, коңшу жашаган жалгыз бой аялды зордуктап салган. Төрт баланын атасы түн ортосунда жабырлануучунун үйүнө балкон аркылуу кирген. Каршылык көрсөтүп, ызы-чуу көтөрбөсүн деп, уйкуда жаткан аялды бычак менен коркутуп, сабаганда да жетишкен. Бул кылыгы үчүн ал сегиз жылга эркинен ажыратылды.
Соттошкон ата-бала
Мас болуп келип чыр салган ата сөрөйдү беш баласынын бири көтөрүп барып керебетке жаткызып коет. Тынчыбаган үй ээси туруп келип, бычак менен уулун колго сайып жиберген. Кийин ата-баланын чыры сотко өтүп кеткенден кийин уулу кайра атасын бошотууну суранып кайрылган. Арактын айынан үй ээси бир жылга шарттуу кесилди.
Адам өмүрүн алган конок
Энесин өлтүрө чапкан уул
Кылмышка шектүү жаран апасы менен үйдө чай ичип отуруп уруша кеткен. Андан соң энесин дасторкондогу идиш менен бир нече жолу башка чаап, үйдөн чыгып кеткен. Анын айтымында, окуя болгон күнү бир жерге куран окутканы кирип, андан чыгып туулган күнгө жана түнкү клубга барган. Эртеси эртең менен гана үйгө келип… туугандары менен милицияны чакырткан. Өз энесинин өмүрүн алган уул 12 жылга түрмөгө камалды.
Мыкаачы шылуундар
Сирияга "бакыт" издеп кеткен бийкеч
"Ислам мамлекети" террордук уюумунун үгүтчүлөрүнүн кылтагына 21 жаштагы кыз илинген. Жарым жыл өтпөй ал согушкерлердин чакыруусу менен Сирияга барып бөтөн өлкөдө эки жылдай жашаган. Согуш болуп жаткан жерде курал-жарак колдонгонду үйрөнүп, экстремисттердин катарына кошулган. Жөн отурбай жакын курбусун да ал жакка чакырууга аракет жасаган.
…Кыргызстанга келип, тергелип жатканда соттолуучу бул айыптарды мойнуна алган эмес. Аны башкалар Сирияга мажбурлап алып баргандыгын айткан. Өрт күйгөн жерде келин күйөөгө тийип, кийин жердешин жолуктуруп, Кыргызстанга качкан. Бала жетелеген кош бойлуу келинди жолдон түрк полициясы кармап, аталган өлкөнүн абагында үч ай жаткан. Эми ал баласы 14 жашка чыккандан кийин, Кыргызстандын түрмөсүндө да үч жыл отурмай болду.
Аялына акчасын уурдаткан күйөө
Өлүм менен аяктаган майрам
Көп адам чогулган майрам каргаша менен аяктаган окуяда эки эркек мурдагы аласа-бересеси жөнүндө сөз баштап, уруша кетишкен. Кийин алардын чатагы массалык мушташка айланган. Анын кесепетинен талаш-тартышка тиешеси жок баланын башы жарылып, ооруканага жетпей көз жумган. Сот мушташкандардын ичинен 22 жаштагы жигитти күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан.