"Сүтактын" автору Абдыкалыков Ысык-Көлдө жаңы тасма тартууда. Сүрөттөр

Фильмде үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандык кинорежиссер Мирлан Абдыкалыков "Жекшен" деп аталган жаңы тасма тартууга киришти. Бул тууралуу чыгармачыл топтун өкүлү Алтынай Койчуманова билдирди.

Эскерте кетсек, Абдыкалыковдун тырмак алды иши "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгы башында турган бир топ эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

1 / 3
Кыргызстандык кинорежиссер Мирлан Абдыкалыков "Жекшен" деп аталган жаңы тасма тартууга киришти.
2 / 3
Эскерте кетсек, Абдыкалыковдун тырмак алды иши "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгы башында турган бир топ эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.
3 / 3
Койчуманованын айтымында, режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Койчуманованын айтымында, режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

"Сценарийин Эрнест Абдыжапаров менен Мирлан Абдыкалыков жазды. Ушу тапта тасма Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында тартылып жатат", — деди ал.

Жаңы фильмде ролдорду актерлор Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Айнура Качкынбек кызы, Улан Өмүралиев, Кубанычбек Бейшенбеков, Жибек Бурановалар жаратууда.