Радио

Кожобеков: эми ЖОЖ акредитациядан көз карандысыз агенттиктерден өтөт

Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков учурда 62ка жакын жогорку билим берүүчү окуу жайы болсо, алардын 31и мамлекеттик экенин билдирди.
Sputnik
Кожобеков: эми ЖОЖ акредитациядан көз карандысыз агенттиктерден өтөт

Эми ЖОЖ акредитациядан көз карандысыз агенттиктерден өтөт. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып кабарлады.

Анын айтымында, бул кадамдар окуу жайлардын билим берүү сапатын арттыруу максатында жасалууда.

"Мурда Билим берүү министрлиги өзү уруксат берип, анан кайра өзү текшерчү. Коомчулукта "өзү лицензия берген окуу жайды кантип жаман демек эле" деген пикирлер айтылып келчү. Эми коз карандысыз агенттиктер, курамында чет элден келген адистер менен биргеликте окуу жайлардын ишмердүүлүгүн аныктайт. Бул коррупцияга да бөгөт коет", — деди Кожобеков.

Ал мындай система эл аралык тажрыйбадан алынганын кошумчалады.