Өз мүрзөсүнө келип томсоргон жоокер: атам тирүү экеними укканда эле оңбой калды

Каракол шаарынын тургуну Алмаз Момуновдун ордунда башка адам көмүлгөнү эки жылдан кийин белгилүү болгон.
Sputnik

Алмаз Момунов менен Каракол шаарындагы мусулмандар мүрзөсүн көздөй бараттык. Бейитке жеткенде кууш жол менен үстүн чөп баскан дөбөчөлөргө келдик. "Бул менин мүрзөм. Ал эми жерде менин чоң энем жатат, жанындагысы атамдын эстелиги", — деди маектешим, афган согушунун ардагери.

Каракол шаарынын тургуну Алмаз Момунов алты жашынан тарта спортко ышкысы артып, мектеп жашында күрөш боюнча СССР спортунун чебери болгон. 8-класста курама командага илинген. Кичинесинен эле эл аралык мелдештерге барып, ал кездеги көпчүлүк бара албаган чет жердин суусун таткан.

Эсиме бир жумадан кийин келдим

Тозоктогу белгисиз көтөрүлүш. Бадабер чебинде дайынсыз калган жоокерлердин сөөгү
Бирок бир жолу машыктыруучулар биздин каарманды Москвага, башка баланы Германияга жиберет. Алмаз болсо эл аралык мелдешке барышы керек эле. Жүрөгүнөн от чачып турган жаш бала устаттарына таарынат. Аскер комиссариаты Афганистанга атайы топтоо ишин жүргүзүп жатат дегенди угуп, 11-класстын экзаменин мөөнөтүнөн эрте тапшырып, өз каалоосу менен Афган согушуна баса берген. Афганистандын Кандагарындагы аскер бөлүктүн 70-бригадасында десанттык штурмалоо батальонунун атайын байланыш ротасында кызмат өтөйт.

— 1981-жылдын ноябрь айы эле. Биздин байланыш бронетранспортубузду гранатамет менен атып талкалашты, алдыңкы бөлүгү жарылыптыр. Жанымдагы Алексей менен Юра эчак жан бериптир. Бутум ооруп жатат деп мурдараак бизге түшкөн бала көзүмө урунбады. Мага "тезинен машинадан чык да, жардырып сал" деген буйрук түштү. Жашыруун байланышты ың-жыңсыз жоготтум….Калган окуя эсимде жок, – деп маегин улады.

Могила ветерана Афганской войны Алмаза Момунова

Цинктелген табыт, күйүткө баткан ата-эне

…Караколдогу Момуновдун үй-бүлөсүнө кара кагаз менен кишинин сөөгү салынган цинк табыт келет. Күйүткө баткан ата-эне — Момуновдор жоокерди Каракол шаарындагы көрүстөнгө алып барып койгон.

Жарылуунун кубаты оңбогондой болуп, топурак асманга атылып, эч-учун жоготкон Алмазды топурак басып калган. Ал эми бутум ооруду деп түшкөн жигиттин күйүп жаткан сөөгүн көргөн берки жоокерлер аны Алмаз Момунов деп кабыл алышкан сыягы…

Кожобек Рыспаевдин айылга каты. Кууратпайын деп Афган согушуна апама айтпай кеткем
Ал учурда аскердин ким экендиги баш кийим менен гимнастерканын жакасына жазылчу тура. Кырсык болуп, кийим күйүп кетсе, кимдин ким экени таанылбай калчу. Жүрөк ооруйт, адашкан мындай тагдырлар канча болду экен?.. Ал эми азыркыдай аскерлердин аты-жөнү жазылган темир жетондор болгон эмес экен.

…Алмазды оңбогондой оор топурактын алдынан афгандык элдик кошуундун кишилери кийинчерээк таап, сууруп кетишет.

— Сооттолгон техниканы жардыргандан бир жума өткөндөн кийин Кабулдагы госпиталда көзүмдү ачтым. Ал жерден мени Самарканддагы госпиталга алып кетишти. Анда жарым ай жаттым. Декабрдын аягында кайрадан Кандагарга барып, катарга кошулдум, — деп сөзүн улады афганчы.

Тагдырдын тамашасы, жакшы кабар жанды суурганда…

Алмаз дароо эле ата-энесине кат жаза алган эмес. Госпиталдан айыгып чыккандан кийин үйүңө кет дешсе, кызматымдын акырына чыгарышым керек деп, көшөрүп болбой коет. Бишкектеги таякеси менен спутник байланышы аркылуу сүйлөшүп, тирүү экенин айтып, жарым жылда барам деп телефон чалат. Ал киши Алмаздын ата-энесине жагымдуу окуя тартуулагысы келип, жакшы кабарды жышырып коет.

Баламдын куурап калган сөөктөрүн талаадан, ар жерден жыйнадык. Жалгыз бой эненин муңу
— 1-майда таң эрте келдик. Таякем экөөбүз үйгө келсек, менин өлгөнүмдүн бир жылдыгын белгилеп жатышыптыр. Атам менин окко учканымды угуп, жүрөгү кармаган экен. Кийин мен кайра барганда экинчи жолу жүрөк оорусу кармады. Мени келе жатат деп сүйүнчүлөсө, чалкасынан кетиптир. Ошондон эки жыл өтүп-өтпөй 1984-жылы 45 жашында каза болду, — деп дымып калды маектешибиз.

Өзүн күнөөлүү сезерин же сезбесин билбей, көңүлдү зылдай оордук баскан Алмаз андан ары сөзүн улады.

"Атамдын эң эле сүйүктүү уулу элем. Спортко мен да, атам да кызыкчу. Ал намыскөй эле, менде да ошол сапат бар", — деди.

Ветеран Афганской войны Алмаз Момунов

Менин мүрзөмдө жаткан жоокер, сени билип, билбейм…

Алмаз Момунов кийин Семипалатинскидеги техникумду аяктаган. Эки жылдан кийин товар жүгүртүүчү болгон. Облустук керек-жарак союзунун даярдоо базасында да эмгектенип, чакырык менен Семипалатинск облусундагы Буденов соода базар-ишканасын жетектеген. Караколдо мөмө-жемиш базарында кампа башчы, облустук керек-жарак союзунун бөлүмүндө иштеген. 1994-жылы Ысык-Көл облусу боюнча Афган жана башка согуш ардагерлеринин "Бейкут заман" коомдук бирикмесин түзүп, жетектеген. Андан сырткары, афган согушунун ардагерлеринин Каракол шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Көкүрөгүндө 37 орден, медаль жаркырайт. Кийин Баткен согушуна да катышкан. Афган согушунун бардык ардагерлериндей эле Кыргызстанды солк эттирген ыңкылаптарда мамлекеттик мүлктү сактап калууга кол кабыш кылган. 52 жаштагы Алмаз Момунов учурда Россияда иштеп жүрөт.

"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Ал эми Алмаз таазим кылып, алакан жайып, бата түшүргөн мүрзөдө ким жатты экен? Жүрөгү сезип турса да, "бутум ооруду" деген жоокердин элеси эсинде болсо да, аскер комиссариатынан ачык жооп ала албагандыктан, "белгисиз жоокердин мүрзөсү" деп атап коюшту. Ата-энең, жакындарың эмне болду экен, сөөгүң кайда калганын издей берип, бейпайда калдыбы? Же балким, "белгисиз кетти эле" деп ата-энең үмүт үзбөй жүрүп өтүп кеттиби?..

Алмаз барып кол жайып отурган мүрзөдө ким жатканын ошол учурдагы Аскер комиссариатына дайын болгон. Бирок аны алар "белгисиз жоокер" деп аташкан. Себеби, баары кеч болуп калган эле…