Сокулукта окуучулар 1-майдын урматына жөө жүрүшкө чыгышты. Сүрөт

200дөй окуучу 5 чакырымды басып өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин окуучулары жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин окуучулары жөө жүрүшкө чыкты
2 / 3
Иш чара 1-майдын (Эмгекчилердин тилектештик күнү) урматына карата уюштурулган
3 / 3
Окуучулар "Тынчтык. Эмгек. Май" деген чакырык менен айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого үндөштү.

Ага ылайык, иш чара 1-майдын (Эмгекчилердин тилектештик күнү) урматына карата уюштурулган.

Окуучулар "Тынчтык. Эмгек. Май" деген чакырык менен айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого үндөштү.

200дөй киши беш чакырымды басып өттү.