БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстанда дүйнөдөгү революционерлердин ысымын алган жарандар бар экенин билесизби? Бул тизмени Sputnik Кыргызстандын кабарчысы биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоочулардын тизмесине кирген 18 жаштан жогорку жарандардын арасынан тапты.
Адегенде эле Куба мамлекетин жарым кылым башкарган белгилүү комендант Фидель Кастронун атын да, фамилиясын да алгандар чыгат. Кастро деп бир кыргызстандык уулуна ат койсо, Фиделдердин саны 12ге жетет. Ошол эле өлкөнүн революционери Эрнесто Че Геваранын ысымы бир кишиге ыйгарылган.
Кыргызстанда Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин (Ким — фамилиясы) Сен-Ир деген адашы жашайт.
Аялдардан болсо Маокуль деген ат коюлган. Ага Кытайды негиздеген Мао Цзэдундун ысымы ыйгарылышы ыктымал. Бирок ал революционер СССР менен Кытайдын тирешүүсүнөн улам бизге анча таанымал болбой калса керек.