Өзбекстанда согуш ардагерлерине бекер азык-түлүк жана кийим-кече берилет

Өкмөттүн тийиштүү токтому өткөн жуманын аягында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Өзбекстан өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна ылайык, согуш ардагерлерине, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана туткундарга ай сайын азык-түлүк берилет. Ал эми жылына бир жолу кийим-кече алышат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстан кылмыштуулукка каршы Түркия менен чогуу күрөшмөй болду
Өкмөттүн токтому өткөн жуманын аягында кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир айдын 15ине чейин бир кишиге 3 килограмм ун, 1 килограмм күрүч, 500 грам гречиха, 500 грамм кесме, 1 килограм уй эти, 1 килограмм үйдө багылган канаттуунун эти, 200 грамм каймак, 15 даана жумуртка, 1 литр өсүмдүк майы, 200 грамм чай, 150 грамм кир жуучу порошок, 8 жалаяк жана самын берилип турат.

Андан сырткары, ардагерлер жакынын коштоосу менен Ялта же Кисловодскидеги "Өзбекстан" санаторийинде эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Күзүндө эркек кишилерге костюм, кышкы жана жайкы бут кийимдер, ич кийим, аялдарга болсо жылуу жоолук, кышкы жана жайкы бут кийим, ич кийим, свитер берилет.