ОШ, 1-май — Sputnik. Өзүн өзү атып өлдү делген милиционердин досу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, милиционерге карата Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголду.
"Окуя болгон күнү маркумдун досу унаадан түшүп баратып, куралын унутуп калтырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 28-апрелге караган түнү Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектисинде өз автомашинасында милициянын старшинасы, Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган. Кесиптештери маркумдун 28-апрелде үйлөнүү тою болмоктугун айтышты.
Бул окуяга шектүү катары анын досу 48 саатка камакка алынган болчу.