БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Ош облусунун "Достук" командасынын курамында ойногон Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор тайпадан чыкты деген малыматты бир туугандардын улуусу Байыш Ниязов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, алардын командадан кетүүсүнө ич ара пикир келишпестиктер себеп болгон.
"Ушул 9-майдагы мелдешке үчөөбүз тең оюнга чыкпайбыз. Эс алалы деп чечтик. Командада бир аз келишпестик болуп калды. Себебин так айтпай эле коёюн эми, бул өзүбүздүн арабызда болгон нерсе. Бирок биз минген аттар командада калат, аларды башкалар минип чыга берет. Ал эми 9-майдан кийин "Достукка" кайра келерибиз белгисиз. Балким башка командада ойноп калаарбыз", — деди Ниязов.
Анткен менен "Достук" командасынын жетекчиси Мыктыбек Туташов да муну себебин так кесе түшүндүрө алган жок. Бирок Ниязовдор тайпада эле ойноп калышы ыктымалдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, көк бөрүчү Ниязовдор "Достукта" алты жылдан бери ойноп келишет. Кечээ 30-апрелде социалдык тармактарда алар командадан чыгарылганы туурасында кабар тараган болчу.
Быйыл Нооруз майрымандагы мелдеште үч бир тууган тең "Достук" командасында ойноп, экинчи орунга ээ болушкан. Манас Ниязов "Мыкты чабуулчу" наамын утуп алса, Байыш Ниязов команданын капитаны болчу.
Быйыл да Жеңиш күнүнө карата салтка айланган республикалык көк бөрү мелдеши өткөрүлмөк.