Тогуз кабаттуу үйгө жеткен толкун. Бразилиялык серфер дүйнөлүк рекорд койду

2017-жылы ноябрда Кокса Португалияда 24,38 метр бийиктеги толкундан сүзүп өткөн
Sputnik

Бразилиялык серфер Родриго Кокса 25 метрлик толкундан сүзүп дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Кыргызстандын кооздугу алаканга салгандай көрүнөт. Туристтер тарткан видео
2017-жылы ноябрда Кокса Португалияда 24,38 метр бийиктеги толкундан сүзүп өткөн. Быйыл апрель айынын аягында Дүйнөлүк серфинг лигасынын калыстары рекордду каттоого алышкан. Бразилиялык спортчу "Эң ири толкун" номинациясы боюнча жеңишти камсыздап, дүйнөлүк рекорд койгон.

Спортчу сыйлык тапшыруу учурунда кыялдар орундала турганын айтты.

Буга чейинки рекорд америкалык Гаррет Макнамарга таандык. Ал 2011-жылы 23 метрлик толкундан сүзүп өткөн болчу.