Шашылыш билдирүү! Бүгүн Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүн Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун ӨКМ эскертти.

Ага ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Белгилей кетсек, 24-апрелде да кечинде катуу шамал болуп, борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы желекти жулуп кеткен. Ошондой эле шаарда дарактар кулаган болчу.