Бишкекке шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах келди. Сүрөт

Мейман Кыргызстандын өлкө башчысы менен да жолугат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах Бишкекке келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах Бишкекке келди
2 / 3
Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тосуп алды
3 / 3
Шейх иш сапарынын алкагында КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жана Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчылары менен жолугат.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тосуп алды.

Шейх иш сапарынын алкагында КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жана Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчылары менен жолугат. Ошондой эле кызматташуунун келечеги, Азия оюндары-2018 жана 2020-жылы боло турчу олимпиадалык оюндарга катышуу маселелерин талкуулайт.