Радио

Мусаев: илбирс атып алган кыргызстандык 1,5 млн. сом айып пул төлөйт

"Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу" департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев Кыргызстанда жалпысынан сүт эмүүчү жаныбарлардын 23 түрү Кызыл китепке киргенин айтты.
Sputnik
Мусаев: илбирс атып алган кыргызстандык 1,5 млн. сом айып пул төлөйт

Кыргызстанда 600-700дөй гана бугу калды. Андыктан ага аңчылык кылууга такыр уруксат берилбейт. Мындай пикирин Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Адистин айтымында, Кызыл китепке кирген айрым жаныбарлардын жылына бир пайызга чейинкисин атууга мыйзам жол берет.

"Биздин тажрыйбабызда эки жолу илбирс атып алган учурлар катталды. Бирөө он жыл мурда, экинчиси мурдагы жылы болгон. Тилекке каршы, ал кезде мыйзамдар башкача болгон үчүн жаза да азыркыдай катаал эмес болчу. Азыр ак илбирс атып алган кыргыз жараны 1,5 миллион, чет элдик жаран 4,5 миллион сом айып пул төлөйт", — деди Мусаев.

Ал ошондой эле илбирсти сот тарабынан атайын аңчылык максатта атканы далилденсе 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын кошумчалады.