БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды кумир тутаарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү Rappler маалыматык порталына шилтеме кылып жазып чыкты.
Мындай билдирүүнү ал Ким Чен Ындын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолуккандан кийин айткан.
"Сиздер билесиздерби, ал инсан менин кумирим болуп калды. Ал күндүн башкы каарманы", — деген Дутерте.
Филиппиндин башчысы Корея жарым аралындагы эки өлкөнүн алакасынын жакшырып жатканын колдоп, Ким Чен Ын менен өзү да жолуга тургандыгына үмүт артаарын билдирген.
Эске сала кетсек, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын башчылары 27-апрелде демаркациялык сызыктан жолугуп, эки мамлекеттин алкасына жартууга багытталган декларацияга кол койгон.