Ош шаарында жанаша турган төрт үй өрттөнүп кетти. Видео

Кырсык 30-апрель күнү саат 13:39дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ош шаарында төрт үй өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 30-апрель күнү саат 13:39 чамасында болгон.

"Өрт Ош шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан №69 турак үйдөн чыгып, жакын жайгашкан дагы үч тамга өткөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин жалпы беш бөлүмү тартылган. Андан сырткары 102, 103 кызматтары да барды", — деп жазылат маалыматта.

ӨКМден тилсиз жоо саат 19:01де толук өчүрүлгөндүгүн маалымдашты.