Жалал-Абад менен Сузакка өзгөчө кырдаал режимин киргизүү каралууда

ӨКМ өкүлү учурда топтолгон суунун көлөмү болжол менен 250 миң метр куб болгонун кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жер көчкүдөн улам, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана көчкү төшкөн дарыяга жакын айылдарды эвакуациялоо каралууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.

Эртең менен болжол менен саат 10:20да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 млн. метр куб жер көчкү Көк-Арат дарыясынын суусун жаап калган.

1 / 2
Жер көчкүдөн улам, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана көчкү төшкөн дарыяга жакын айылдарды эвакуациялоо каралууда.
2 / 2
Эртең менен болжол менен саат 10:20да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 млн. метр куб жер көчкү Көк-Арат дарыясынын суусун жаап калган.

Түшкөн жер көчкүнүн узуну 320 метр, туурасы 25 метр, ал эми бийиктиги 6 метр экендиги кабарланды. ӨКМдин алдын ала берген маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

"Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана дарыяга жакын жайгашкан айылдарды эвакуациялоо каралууда. Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Дүйшөбаев баштаган ыкчам топ иштеп жатат", — деди Бекилов.

ӨКМ өкүлү учурда топтолгон суунун көлөмү болжол менен 250 миң метр куб болгонун кошумчалады.