БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда үйрөнчүк айдоочулардын унаасына атайын белги тагуу сунушталып жатат.
ИИМ тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыкты.
"Үйрөнчүк айдоочу" деген белги сары түстөгү квадраттын ичинде жайгашкан кара өңдөгү илеп белгиси түрүндө болот. Ал трактор, мотоцикл жана мопедден башка унаанын баарына тагылат. Бул белгилер эки жылдан кем тажрыйбасы бар айдоочуларга арналат.
Экинчи белги — "Таксомотор". Бул такси паркын бирдиктүү тартипте кармоого шарт түзмөкчү. Мында жүргүнчү, жүк ташуу боюнча бир катар укуктук-нормативдик актыларды аткарууга көмөктөшөт. Белги шахмат түрүндө жайгашкан ак-кара түстөгү беш квадраттан турат. Анын унаанын кузовуна же үстүнө коюуга болот.
Министрлик мындай белгилер чет жакта сыноодон өтүп, пайдалуу экенин аныкталганын белгиледи.