Темир жол бекетине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты

УКМК телефон "террорчуну" табуу максатында ыкчам-иликтөө иштерин баштады
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы темир жол бекетине "бомба коюлду" деген маалымат тастыкталган жок. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Борбор калаадагы темир жол бекетине “бомба коюлду” деген маалымат тастыкталган жок
2 / 3
Бүгүн 102 кызматына саат 19.30да "Бишкек 2" темир жол бекетине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.
3 / 3
Кабар түшөрү менен ал жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барып, имарат курчоого алынып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен бекеттин кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган.

Бүгүн 102 кызматына саат 19.30да «Бишкек 2» темир жол бекетине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.

Кабар түшөрү менен ал жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барып, имарат курчоого алынып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен бекеттин кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган.

“Улуттук коопсуздук кызматынын адистери аймакты текшерип, шектүү буюмдарды, жардыруучу зат тапкан жок. Учурда темир жол кадимки калыбында иштеп жатат, " — деп билдиришти аталган комитеттен.

Маалымат кызматынан УКМК телефон “террорчуну” табуу максатында ыкчам-иликтөө иштерин баштагандыгын кошумчалады.