Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин

Малика Боотаеванын Instagram баракчасына баш баксаңыз аны модель деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ал килем бетинде алдаганча сүрдүү, ал эми атаандаштарын кайрып-толгоо, муунтуу ыкмасы менен жеңет.
Sputnik

Кыргызстандык спортчу кыз Малика Боотаева бир жума мурда Абу-Даби шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында өлкө атынан биринчи жолу күмүш медаль тагынган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чет мамлекетте жүргөн балбан кыз менен байланышып, спорттогу жолу, чыйрак кылган турмушу, кыздары тууралуу маек курду.

—Малика, кантип алгачкы жолу кыргыз кыздарынын ичинен дүйнө биринчилигинде күмүш тагынып калдыңыз?

— Жиу-житсу спорту менен былтыртан тарта алектенем. Тайбоксу боюнча машыктыруучум Тахир Марасулов партерде (жерде иштөө. — ред.) мыкты иштөө үчүн дал ушул спорт жардам берээрин айткан. Эки жума жаңы келгендер менен машыгып, андан кийин башкы машыктыруучу Муртазалы Муртазалиевден курама команда менен биргеликте машыгууну сурандым. Ал убакта кандайдыр бир ийгиликтерге жетем деген максат болгон эмес.

Соккудан өлүп калабы деп корктум. Ринг-анонсер Мусаевдин ыймандай сыры
Көп саякаттайм. Ошол себептен пайдалуу жана жагымдуу бир нерсени айкалыштырууну кааладым. Чет мамлекеттен жиу-житсу боюнча кошумча мектептерге барып, бул спорттогу дүйнөлүк спортчулар менен тааныштым. Партерде машыкпасам өзүмдү оор сезчү болдум. Францияга жана Швейцарияга атайын машыгууларга баргандан кийин мелдештерге чыгып жыйынтык көрсөтүшүм керек экендигим түшүндүм. Бирок машыктыруучум мага азырынча эрте экендигин айтып, чыгарган эмес. А мен тер агызган эмгегимди уланта бердим.

Бир ирет машыктыруучум бышып калганымды айтып, катыша турчу турнирлерди караштыра баштады. Казакстандан же Россия мамлекетинен өткөрөлү дегенбиз. Бирок чоңураак бир нерсени самадым. Жыл сайын Абу-Дабиде дүйнө биринчилиги өтөт. Ошол жакта ийгилик жаратууну максат кылдым. Башында толкунданып, сарсанаага батып, өзүмдөн күмөн санап жүрдүм. Бирок машыктыруучуларымдын кеңеши дем берди.

Эки кармашты араб жана бирөөсүн казак кызы менен өткөрдүм. Биринчисин сабмишн (кайрып-толгоо  — ред.) ыкмасы менен жеңдим. Экинчи кызды муунтуу ыкмасы менен уттум. Ал ошол жерде эсин жоготту. Бирок, ал буга чейин менин оң колумду жаракат келтирип, бармагым шишип, көгөрүп кеткен болчу.

Үчүнчү беттештин бүтөөрүнө 20 секунд калганда казак кызга утулуп калдым. Жаракатыма карабай жакшы кармаш көрсөттүм деп ойлойм. Ошентип күмүш медаль тагындым. Көбү мени утулгандан кийин чөгүп кетти деп ойлошуптур. Жок, мен маңдайым жарыла сүйүндүм. Биринчи кезекте жан дүйнөмдөгү коркуу сезимин жеңдим. 

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева

— Спортко качантан бери кызыгып келесиз?

— Бала кезимден бери. Апам мамлекеттик спорт комитетинде эмгектенип, эки спорттун түрүнөн калыстык кылып, волейбол боюнча машыктыруучу болчу. Өзүм Россиянын Советтик Гавань шаарында төрөлгөм. Ал жакта ата-энем 33 жыл жашаган. Кийин Бишкекке көчүп келдик. Атамдын айтымында, мен апамдын жети айлык курсагында бар кезде марафондо чуркап, рупор (үндү күчөтүү үчүн жасалган башы кең сурнай. — ред.) менен студенттерге буйрук берип турчу экен. Апам менен спорттук иш-чараларда көп жүрдүм.

Мектепте жана университетте баскетбол боюнча курама командада ойноп, кийин жаракатыма байланыштуу таштаганга туура келди. Андан кийин теннис ойнодум. Эсимде, биринчи жолу бул спорттун түрүнөн мелдешке катышканда сарсанаага батып, жарым бөтөлкө валериананы (жооткотуучу, стресстен убактылуу арылтуучу дары. — ред.) ичип алгам. Анан бардык атаандаштарыма утулуп калдым. Ыза болгон деле жокмун. Анткени теннис меники эмес экен.

Андан кийин кикбокс боюнча Мирлан Ибраимовдон, тайбокс боюнча Тахир Марасуловдун колунан тарбияландым. Мелдештерге чыгайын деген оюм жок болчу. Жөн гана  денемди чымыр кармаш үчүн бардым. Андан кийин өйдөдө айтып кеткендей жиу-житсуга кеттим. Спорт зал менен машыгуу залы — жашоомдун бир бөлүгү.

— Кыз-келиндер мушташта эркектерден жаман дейт. Спортто дагы ошондойбу?

— Туптуура. Аялзаты өтө сезимтал келет. Жашоодогу ыза, таарыныч, ачуу, кайгы-капасын килем бетинде чыгарышат. Мен машыгууда кыздар менен күрөшпөгөндүктөн, мындай сапат деле жок. Килемде эч ким кимге басым жасабайм.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз. Instagram тармагына баш баккан адам сизди модель деп ойлосо керек?

Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт
— Рахмат. Көп иш менен алектенем. Биринчи кезекте төрт кыздын энесимин. Алардын тарбиясына, окуусуна, өсүп-өнөгүүсүнө көп убакыт жумшайм. "PRofi" коммуникативдик өнүгүү агенттигинин жетекчисимин. Кошумча чач тарач, сүрөт тартуу, саймалоо, китеп окуу менен алектенем. Йоганы, медитацияны, бийлегенди жактырам. Instagram баракчамда кыздар үчүн атайын макала жазам. Мотивация берген оратор жана лайф-коуч болууну самайм. Бир күндө 24 эле саат бар экенине өкүнөм. Убакыт мен үчүн алтын.

— Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— 18 жашымда турмушка чыгып, 20 жашымда эне болдум. Учурда 33 жаштамын. Төрт кызым бар. Эркайым — 13, Хадия — 11, Сальма — 5, Мона — 2  жашта. Кыздарым менен курбудаймын. Жеке мектепте окушат, англис тилинде эркин сүйлөшөт, ролик тартышат. Мен сыяктуу бийге барышат. Спорт менен алектенүүнү каалашат, азырынча эрте деп жибере элекмин. 

— Ата-энеңиз, бала чагыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

— Ата энем Желденбай жана Светлана Шалпыковдор эң мыкты интеллегент адамдар. Алардын берген тарбиясына чексиз ыраазымын. Кыйчалыш учурда апам дайыма "башыбыз аман болсун, калганын чечип алабыз" дечү. Балалыгым саякаттоо, эс алуу, көңүл ачуу менен өттү. Үйдө азыркыга чейин эркемин.

— Жашооңузда же спортто кандайдыр бир кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— Албетте. Менде ажырашуу, балдарды жалгыз тарбиялоо, саткынчылык, көрө албастык, ушак, атаандашуу дегендер болду. Булар мени чыйралтты, эч убакта сынган жокмун.

Спортто чоң кыйынчылыктар болду. Жиу-житсудагы курама командада жалгыз кызмын. Эркектердин арасынан колдоо таба албай жүрдүм. Алар мени теңине албагандай сезилчү. Керек болсо учурашсам көңүл буруп коюшчу эмес. Ошондо силерге өзүмдү көрсөтөм дегем. Эми мунун баары артта калды. Азыр залдагы балдар эң мыкты достор. 

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева

—Келечекке кандай пландар бар?

— Спорттук мелдештерге байма-бай катышуу. Дагы бир спорттун түрү менен алектенейин деген ой бар. Анан албетте үй-бүлө куруп, бактылуу өмүр сүрүшүбүз керек. Кыздарымды татыктуу тарбиялап, турмушка узатсам дейм.

Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм
Буюрса, аялдарды колдоо үчүн атайын борбор ачууну пландап жатам. Тилекке каршы, жашоодо бактысыз айымдар көп. Алар үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун жасап, өзүндөгү назиктикти, жароокерлик сезимди жоготушат. Мунун айынан балдарына да орой мамиле кылат. Айтор, турмушта аялзатынын түйшүгү оор. Мен психологияны окугам, убагында өзүмө-өзүм жардам бердим. Эми башкаларга да көмөк көрсөткүм келет. Мага ар кандай аялдар кайрылды. Алардын көйгөйү — бактысыздык же жалгыздык. Мен үй-бүлөдөгү мамилени жакшыртуудан тарта баңзизат менен чылымдан арылтууга чейин жардам бердим. Бирок баарына жетишкенге күчүң жетпейт экен. Ошондуктан, борборду тезирээк ишке киргизсем дейм.