Экотехинспекция: Оштун драма театры коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Театрда буга чейин текшерүү жүргүзүлгөн маалда кемчиликтер аныкталып, жетекчиликке аларды жок кылуу боюнча эскертүү берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театры коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

1 / 3
Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театры коопсуздук талаптарына жооп бербейт
2 / 3
Маалыматка караганда, театрда өрт копсуздугу боюнча тиешелүү талаптар аткарылган эмес
3 / 3
Аталган театрда буга чейин текшерүү жүргүзүлгөндө ушул эле кемчиликтер аныкталып, жетекчиликке аларды жок кылуу боюнча эскертүү берилген.

Маалыматка караганда, театрда өрт копсуздугу боюнча тиешелүү талаптар аткарылган эмес.

"Аталган театрда буга чейин текшерүү жүргүзүлгөндө ушул эле кемчиликтер аныкталып, жетекчиликке аларды жок кылуу боюнча эскертүү берилген. Бирок талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарган эмес. Эми театр жетекчисинин орун басарына Администрациялык жоопкерчилик кодексинин 396-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу же аткарбоо) менен 10 миң сом айып салынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген мындай театр бир гана Ош шаарында эле эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катталган.