Өкмөт үйүнүн алдында өзгөчө өңдөгү жаныбарлар менен кишилер пайда болду

Алардын арасынан керикти, акыраны, аюу менен мамалакты, кулжаны көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаада, өкмөт үйүнүн алдында жана Эски аянтта ондон ашуун жаныбарлар менен ар кыл образдагы кишилердин өзгөчө өңдөгү скульптуралары — топиарий пайда болду.

Аларды бүгүн "Зеленхоз" Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата өкмөт үйүнүн алдына, Эски аянтка алып келген.

1 / 9
Борбор калаада, өкмөт үйүнүн алдында жана Эски аянтта ондон ашуун жаныбарлар менен ар кыл образдагы кишилердин өзгөчө өңдөгү скульптуралары — топиарий пайда болду.
2 / 9
Аларды бүгүн "Зеленстрой" Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата өкмөт үйүнүн алдына, Эски аянтка алып келген.
3 / 9
Жашыл айкелдердин арасынан буканы, керикти, акыраны, суунун үстүнөн секирип бараткан дельфиндерди, аюу менен мамалакты, кулжаны көрүүгө болот.
4 / 9
Алардын сырткары кол чатыр көтөргөн аял, араба түрткөн кишинин элеси да орнотулган.
5 / 9
Андан сырткары төрт жерге оюу түшүрүлгөн төрт "килем" салынган.
6 / 9
Аталган эстеликтер буга чейин Нооруз майрамында "Жеңиш" аянтына орнотулган.
7 / 9
Борбор калаада, өкмөт үйүнүн алдында жана Эски аянтта ондон ашуун жаныбарлар менен ар кыл образдагы кишилердин өзгөчө өңдөгү скульптуралары — топиарий пайда болду.
8 / 9
Борбор калаада, өкмөт үйүнүн алдында жана Эски аянтта ондон ашуун жаныбарлар менен ар кыл образдагы кишилердин өзгөчө өңдөгү скульптуралары — топиарий пайда болду.
9 / 9
Борбор калаада, өкмөт үйүнүн алдында жана Эски аянтта ондон ашуун жаныбарлар менен ар кыл образдагы кишилердин өзгөчө өңдөгү скульптуралары — топиарий пайда болду.

Жашыл айкелдердин арасынан буканы, керикти, акыраны, суунун үстүнөн секирип бараткан дельфиндерди, аюу менен мамалакты, кулжаны көрүүгө болот. Алардын сырткары кол чатыр көтөргөн аял, араба түрткөн кишинин элеси да орнотулган.

"Зеленхоз" ишканасынан учурда 15 скульптура бар экендигин жана алар аталган жерде эки күн турарын билдиришти. 

Андан сырткары төрт жерге оюу түшүрүлгөн, гүлдөн жасалган төрт "килем" салынган. Аталган ишканадан килемдин жалпы аянты 400 чарчы метр экендигин кошумчалашты.

Эстеликтер буга чейин Нооруз майрамында "Жеңиш" аянтына орнотулган.