Кыргызстанда коллекциялык тыйын 108 миң сомго сатылды

Аукционго 26 киши катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Улуттук банк коллекциялык тыйындарды сатуу боюнча өткөн аукциондун жыйынтыгын чыгарды.

Кыргызстандын улуттук валютасынын 25 жылдыгына арналган аукцион 26-апрелде өтүп, Улуттук банктын сейрек кездешкен нумизматикалык тыйындары сатыкка коюлган.

Аукциондо коллекциялык 66 тыйын сатылып, анын ичинде 2 алтын жана 34 күмүш тыйын болгону айтылды. Андан сырткары, сатып алуучуларга 1 тыйын номиналындагы 30 тыйын да сунушталган.

"Аукционго жалпысынан 26 киши катышты. Лоттун жалпы баштапкы баасы 216 900 сомду түзгөн. Натыйжада коллекциялык тыйындарды сатуудан 501 600 сом түштү", — деп айтылат маалыматта.

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган 100 сом номиналындагы "Айкөл Манас" тыйыны 108 миң сомго сатылган. Бул аукциондогу эң жогорку сумма болуп калды. 

Коллекционная золотая монета "1000-летие эпоса "Манас"

"Эл аралык тоо" жылы сериясындагы "Аркар" жана "Эдельвейс" күмүш тыйындары 20 миң сомдон сатылган.

Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк 14 миң даана коллекциялык тыйын чегип чыгарууну пландап жатат.