48 секундада жер кучактады! Емельяненко атаандашын жеңген ирмемдин видеосу

Bellator турнири 28-апрель түнү АКШнын Чикаго шаарында өткөрүлдү
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россиялык мушкер Федор Емельяненко америкалык Фрэнк Мирди Bellator турниринде жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Мелдеш 28-апрель түнү АКШнын Чикаго шаарында өткөн. Анда оор салмактагылар арасында Емельяненко биринчи рауддун биринчи мүнөтүнө жеткирбей каршылашын нокаутка кетирген.

1 / 2
Россиялык мушкер Федор Емельяненко америкалык Фрэнк Мирди Bellator турниринде жеңип алды.
2 / 2
Мелдеш 28-апрель түнү АКШнын Чикаго шаарында өткөн.

​Муну менен ал өз карьерасында 37-жеңишин камсыздай алды. Ал эми 38 жаштагы Фрэнк Мирд беттештеринин 18инде жеңүүчү болуп, 12синде утулган.

Россиялык спортчу эми америкалык Чейл Соннен менен октагонго чыгат.