Эски аянттагы кулжа, мамалагын ээрчиткен аюу жана кол чатырчан аял. Видео

Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине карата бүгүн борбордо ар кыл салтанаттар, оюн-зооктор өтүп жатат.
Sputnik

Алардын бири өкмөт үйүнүн алдына орнотулган топиарий болду.

Бийлеп, ырдап, суу чачышып. Бишкектин 140 жылдыгын кантип майрамдашты
Майрамга карата "Зеленхоз" өкмөт үйүнүн алдына, эски аянтка 15ке чукул скульптураларды алып келген.

Жашыл айкелдердин арасынан буканы, суунун үстүнөн секирип бараткан дельфиндерди, аюу менен мамалакты, кулжаны кезиктирүүгө болот. Алардын сырткары кол чатыр көтөргөн аял, араба түрткөн кишинин скульптурасы да жасалган.

Андан сырткары төрт жерге оюу түшүрүлгөн, гүлдөн жасалган төрт "килем" салынган.