Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата көз жоосун алган видеолорду даярдады. Алар "Ала-Тоо" аянтына жакын турган Манастын, Курманжан датканын эстелигинин алдындагы, Дайыр Асановдун ысымы берилген "Жеңиш" паркындагы жана андан сырткары Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт сарайда тартылган кыздардын аткаруусундагы бийлер болду.
"Биз шаарыбызды жакшы көрөбүз, анын тарыхына, эстеликтерге, имараттарга, гүлбактарга, көчөлөргө аярлап мамиле кылабыз. Борборубуздун жыл сайын гүлдөп-өсүшүн, аны менен кошо тарыхый жүзүн сактап калуусун каалайбыз", — деди бишкектиктерди куттуктап жатып Sputnik Кыргызстан радиосу менен агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.
Редакция роликтерди даярдоодогу көмөгү үчүн КРдин Футбол боюнча федерациясына, Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин алдындагы "Манастын кыздары" бий тобуна, хореограф Клара Койчукуловага, "Бийиктик" чыгармасынын автору Азамат Отунчиевге жана "Манас" университетинин ректоратына ыраазычылык билдирет.