Мэр Ибраимов төрөт үйүнө барды. Бишкектин мааракесинде жарыкка келген 28 ымыркай

Бүгүн Бишкекте кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы №1 төрөт үйүнө барып, борбор калаанын маарекесинде төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин куттуктап, белек тапшырды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Бишкек мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы №1 төрөт үйүнө барып, борбор калаанын маарекесинде төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин куттуктап, белек тапшырды
2 / 2
Бүгүн, мэр барган учурда, тагыраагы саат 9:00дарда аталган төрөт үйүндө алты ымыркай — үч кыз, үч эркек бала жарыкка келген.

Бүгүн, мэр барган учурда, тагыраагы саат 9:00дарда аталган төрөт үйүндө алты ымыркай — үч кыз, үч эркек бала жарыкка келген. Ал эми жалпы Бишкек шаары боюнча алганда саат 12:00дөрдө 28 ымыркай төрөлгөн. Алардын 15и уул, 13ү кыз, булардын ичинен эгиздерден экөө экендиги кабарланды.

Шаардык перинаталдык борбордо сегиз бөбөк (беш бала, үч кыз);

№1 төрөт үйүндө — сегиз бөбөк (3 уул, 4 кыз);

Клиникалык №2 төрөт үйүндө — 12 ымыркай (7 уул, 5 кыз);

Шаардык гинекологиялык ооруканада – 1 кыз төрөлгөн.