Айыл чарба тармагына 25,4 млн. доллар келет. Жээнбеков мыйзамга кол койду

25,4 млн. доллардын жарымы насыя, ал эми жарымы грант түрүндө берилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жакшыртуу, мал чарбачылыгында агроөнөр-жай комплексиндеги продукциянын атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу боюнча Кыргызстанга 25,4 млн. доллар келет. Президент бул боюнча атайын мыйзамга кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошто айыл чарба лабораториясы 250 миң долларга курулмай болду
Жээнбеков "Кыргызстан менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы "Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыздоо "долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койгон.

Маалыматта долбоордун максаты — жайыт жамааттарында кирешелерди көбөйтүүгө жана экономикалык өсүшүн жогорулатууга жардам көрсөтүү экендиги айтылган.

"Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун кошумча финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү катары 25,4 млн. доллар берет. Макулдашуунун шарттары боюнча 12,7 млн. доллары – кредит, ал эми 12,7 млн АКШ доллары – грант катары берилет", — деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 29-мартында кабыл алган.