Шашылыш билдирүү! Май айынын башында күн кайра бузулат

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда шейшемби жана шаршемби күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөрүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Май майрамдарынан улам кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат
Ага ылайык, 1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында секундасына 17-22 метрге жетет.

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 13…18 градус, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10…15 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат

3-4-5-майда да жаан жаабайт. Күндүз абанын температурасы жогорулайт.