Ошто 19 жаштагы кыз эки жыл бою зордукталып жүргөн. Шектүү киши кармалды

Ага КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 129 жана 130-беренелери менен кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарында эки жыл бою өзүнөн 13 жаш кичүү кызды коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалгандыгын шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19 жаштагы кыз милицияга арыз менен кайрылган. 

“Кармалган киши эки жыл мурда 17 жаштагы кызды зордуктап, биринчи катнашты видеого тартып алган. Ошондон бери видеону интернетке чыгарам деген коркутуу менен кызды күч колдонуп зордуктап жүргөнү айтылды”, — дешти милициядан. 

Шектүүнү колго түшүрүүгө жардам берүү максатында жабырлануучу ал киши менен жолугушууга макул болгон. Ошентип 32 жаштагы адам жабырлануучуга күч колдонуп жаткан жеринен колго түштү.

Учурда КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 129 (Зордуктоо) жана 130-беренелери (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды.