БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарында үйлөнүү тоюна бир күн калганда сөөгү табылган милиционердин кесиптеши 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Эске салсак, 28-апрелге караган түнү Ош шаарынын Апсамат Масалиев проспектисинде өз автомашинасында милициянын старшинасы, Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган.
“Ош ШИИБинин кызматкери алдын ала маалыматтар боюнча өзүн-өзү аткан милиционерге кызматтык тапанчасын бергендиги үчүн күнөөлөнүүдө. Кармалган кызматкер кызмат учурундагы шалаакылыгы үчүн шектүү катары 48 саатка камакка алынды. Ал маркумдун досу болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, учурда ага карата кылмыш иши козголо элек. Териштирүү иштери уланууда.