Кыргыз жыттанган лагерь уюштуруп жатабыз. Бул тууралуу Жакшылык Матанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдардын жашаган жери да, жеген тамагы да улуттук нукта болмокчу.
"Биз бул лагерь менен улутттук баалуулуктарга басым жасап жатабыз. Башка лагерлерде күндө жеп жүргөн кадимкидей эле тамак-аш берилсе, биз улуттук азык менен камсыздайбыз. Мындан сырткары, балдарга кыргыздын тарыхын чагылдырган "Саякбай" сыяктуу тасмалар көрсөтүлөт", — деди Матанов.
Ал лагердин программасы Манастын 7 осуятына негизделгенин кошумчалады.