Бишкек шаарынын мааракеси: баш байгени Таластын улакчылары илип кетти

Мелдеш "Ак кула" ат майданында өттү.
Sputnik

Бишкек 28-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине арналган көк бөрү турниринин баш байгесин Талас облусунун "Бакубат — Талас" командасы жеңип алды.

Мелдеш 28-апрелде "Ак кула" ат майданында болуп өттү.

Бишкек шаарынын күнүнө арналган көк бөрүнүн финалдык беттеши. Видео
Мааракелик турнирде "Сары-Өзөн", "Келечек", "Кара-Балта", "Арашан", Төш-Булак", "Четинди", "Көк-Жал", "Аафият", "Эмгек-Талаа", "Долон", "Кеңешбек-Ата", "Бакубат Талас" (мурунку "Мурас") командалары күч сынашкан.

Жыйынтыгында коло байгени Ош облусундагы Өзгөн районунун "Көлдүк" командасы жеңип 50 миң сом сыйлык алса, Чүйдүн "Рассвет" командасы экинчи орунга ээ болуп, 100 миң сом алды.

Ал эми баш байге "Нива" автоунаасы Талас облусунун "Бакубат — Талас" командасына буюрду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине арналган турнирдин жалпы байге фондусу 500 миң сомду түзгөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги да борбор калаанын мааракесине карата белек даярдаган.