Радио

Шамырканова: көпчүлүк жаштар кайсы кесипке кандай жөндөм керектигин билбейт

Борбордук Азиядагы IDEAнын долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова аймактардагы жаштарга кесип тандоо боюнча маалымат берүү керектигин айтты.
Sputnik
Шамырканова: көпчүлүк жаштар кайсы кесипке кандай жөндөм керектигин билбейт

Көпчүлүк жаштар кайсы кесипке кандай жөндөм керек экендигин биле бербейт. Бул тууралуу Нурайым Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштардын көпчүлүгү кесип тандоодо эмнеге шыгы бар экенин эске албайт.

"Жаштар менен баарлашканда алардын басымдуу бөлүгү эл аралык мамилелер, юриспруденция сыяктуу факультеттерде билим алууну каалашат. Кесип тандоодо анын деңгээлине эмес, адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө, шыгына карап тандашы керек", — деди Шамырканова.

Ал бул себептен 16-майда Нарын облусунун Кочкор районунда, 15-майда Нарын шаарында жана 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуу жайлар жана кесип тандоо боюнча жарманке өткөрүлө турганын кошумчалады.