Эркиндик проспектисине жаңы отургучтар менен атайын инсталляция орнотулду

Учурда Эркиндик проспектисин оңдоо жумуштары толугу менен жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектеги Эркиндик проспектисинин Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки аралыгына "Тазалык" ишканасы жаңы отургучтарды койду.

1 / 3
Бишкектеги Эркиндик проспектисинин Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки аралыгына "Тазалык" ишканасы жаңы отургучтарды койду.
2 / 3
Ошондой эле парктын ортосундагы тротуарга кызыл брусчатка төшөлүүдө.
3 / 3
Андан сырткары, Бишкек шаарына болгон сүйүүнү билдирген инсталляция коюлду.

Ошондой эле парктын ортосундагы тротуарга кызыл брусчатка төшөлүүдө. Андан сырткары, Бишкек шаарына болгон сүйүүнү билдирген инсталляция коюлду.

Эркиндик проспектиси өзгөрүүдө. Асфальт төшөлгөн бөлүгү сүрөттө
Белгилей кетсек, Эркиндик проспектисинин Түгөлбай ата көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки батыш бөлүгү оңдоо үчүн жабылган. Шаар бийлиги жол 15-майга чейин оңдолуп бүтөт деп ишендирүүдө. Оңдоо иштерин Кытай компаниясы жасап жатат.

Быйыл 38 чакырым жолду оңдоп, 23 көчөнүн 15и реконструкцияланат. Аны менен кошо арыктар, жолдун четтери, сызыктар жана жол белгилери калыбына келтирилет.