Кайыр сурап жүргөн өспүрүм боюнча маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу окурман жиберген.
13 жаштагы Зафар апасы, таенеси, таякеси жана жаңы төрөлгөн иниси менен бир бөлмөлүү барак үйдө жашайт. Акча табууга таенеси аракет кылат. Бирок жаш курагына байланыштуу жумушка албагандыктан, ал дагы кайыр суроого аргасыз. Андан тышкары, бул үй-бүлөгө Зафардын такси кызматында диспетчер болуп иштеген таежеси жардам берет.
"Бөбөгүмдү багыш керек, ошол үчүн мен таенеме жардам берип жатам. Бир жолу үйдө миң сом таап келгем. Бирок апам экинчи кайыр сураба деп катуу урушкан", — деди Зафар.
Баланын жолго чыгуусуна апасы менен тиенеси каршы, бирок үйдөгүлөр кыйналып жатканын көргөн Зафар жөн отура албайт.
Өспүрүм мектепке барбайт. Апасы Валентина Переселкованын айтымында, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн качандыр бир кезде дайынын билдирбей кеткен атасы алып кеткен.
"Атасы Зафардан баш тарткан. Кичине кезинде аябай сабачу, атургай бир жолу бутун сындырып салган. Психикасына бир топ эле доо кетирген, бирок азыр баламдын абалы жакшы", — деди апасы.
Мурда ал балдар бакчасында жана ооруканада иштегенин айтат. Бирок кош бойлуу болуп калганына байланыштуу жумушун таштаган.
Ошондуктан үй-бүлө азыр ижарага алган батирде жашап жүрөт. Анткен менен балдардын апасы бул убактылуу сыноо деп түшүнүп, кичүү баласы чоңойсо кайрадан жумушка чыгып, жашоолору оңолот деп ишенет.
Ошондой эле ал Зафардын документтерин кабылына келтирип, мектепке киргизем деп пландап жүрөт.