Amazon башчысы Жефф Безос эки күндө 9 миллиард долларлуу болду

Белгилүү миллиардер Amazon системасынын кварталдык сатуулардын төрт айлык отчетунан кийин дагы байыды
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Amazon системасынын негиз салуучусу Жефф Безос компаниясынын акциялары 3,6 пайызга өсүп, эки күндүн ичинде 9 миллиард долларга байыды. Бул туурасында Fortune басылмасы Bloomberg Billionaires Index чыгарган баага таянып билдирди.

Amazon 26-апрелде I кварталдын жыйынтыгы боюнча отчет берген. Документтерге таянсак, онлайн-ритейлерден түшкөн киреше жылдык эсептин чегинен алганда 2,25 ирет өсүп, жалпы суммасы 1,629 миллиард долларга жеткен. Басылма компаниянын отчету Уолл-стриттин аналитиктери болжолдогон жыйынтыктан да ашып кеткенин жазды.

Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот
Отчет жарыяланары менен Amazon интернет-компаниясынын акциялары 3,6 пайызга кымбаттаган. Белгилүү миллиардер Amazon системасынын кварталдык сатуулардын төрт айлык отчетунан кийин 9 миллиард долларга байыган.

Amazon — дүйнөдөгү эң ири онлайн-ритейлер. Ал Европа, АКШ, Канада, Китай, Индия, Мексика, Япония жана башка мамлекеттерде иштейт.

Былтыркы жылдын октябрь районунда интернет-компаниянын башчысы бир саатта ишкананын кирешеси боюнча маалыматтарды жарыялаганда 3,2 миллиард долларын короткон.

Буга чейин интертте Amazon Россиядагы ишин токтотушу мүмкүн экени кабарланган.