Түндүк жана Түштүк Корея президенттери чек ара сызыгынан жолукту

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен болгон чек арадан 65 жылдан бери биринчи жолу өткөн лидер болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын президенттери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин эки мамлекеттин ортосундагы демаркациялык сызыктан жолукканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Пханмунджом сүйлөшүү пунктунан жолуккан лидерлер кол алышып учурушкан соң сүрөткө түшүп Корея аралык саммит өтүп жаткан имаратка бет алышты.

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын делегациясы "тынчтык жана өнүгүү жолуна болгон жаңы тарыхтын башталышынан үмүт берген сезим менен" келгенин белгиледи. Ал эми Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидерин сүйлөшүүлөрдүн максатына жетүүгө чакырды.

"Эгер чын дилден пикир алышсак, тынчтыкка умтулуп жаткан улутубузга жана дүйнө элине чоң белек кыла алабыз", — деди Мун Чжэ Ин.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр
Бир күн бою мамлекет башчылары Түндүк менен Түштүк Корея мамилелерин жакшыртуу жана биригүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошентип Ким Чен Ын Түштүк Корея менен болгон чек арадан 65 жылдан бери биринчи жолу өткөн мамлекет лидери болуп калды.

Өз кезегинде АКШ Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын саммитин кубаттап, жакын арада Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жолугарын жарыялады.

Түндүк Корея 21-апрелде өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарын сыноону токтоторун жана Пхунгери аймагындагы өзөктүк полигонун жаба турганын маалымдаган.