Россиялык шоумен Александр Ревва кыргызча сүйлөдү. Видео

Роликти жарыялангандан бир нече мүнөт өтүп эле миңден ашуун адам көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Белгилүү шоумен Александр Ревва (Comedy Club) кайсы бир корпоративдик кечелердин биринде эл адына чыкканда кыргызча аралаштырып сүйлөдү. 

Бул тууралуу видеону КВНчи Ростислав Ященко өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Добрый вечер! Ассалам алейкум! Хочется сказать "жакшы болгула", — деп учурашты Ревва залдагылар менен.

Видеону көргөндөр бир топ жылуу сөздөрүн жазган. Ушу тапта ал Instagram тармагынын кыргыз сегментинде өтө популярдуу болуп жатат.