Ошто жаш ойлоп табуучулар менен изилдөөчүлөрдүн эл аралык сынагы өтөт

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн чогулган 180ден ашык жаш адам катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ош шаарында ойлоп табуучулар менен изилдөөчүлөрдүн эл аралык сынагы уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте Индия маданиятынын фестивалы өтөт
Билдирүүгө ылайык, "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" аталышындагы иш-чара 14-майдан 17-майга чейин өтөт. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Белоруссия, Россия жана Кыргызстандын аймагынан чогулган 180ден ашык студент, окуучулар катышат.

Анда жаштар беш номинация боюнча ат салышып, алардын эмгектерине окумуштуулар, ойлоп табуучулар менен окутуучулар баа бермекчи.