"Ош" базарындагы өрттөн жабыркагандар экспертизаны тездетүүнү суранды

Вице-премьер өрттөн жабыркаган соодагерлер менен жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Вице-премьер Замирбек Аскаров Бишкектеги "Ош базары" соода комплексинин өрттөн жабыркаган ишкерлери менен жолугушууга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек мэриясы "Ош" базарында товары күйгөндөргө 10 миң сомдон берди
Ага ылайык, жолугушууда жабыркагандар сооданын жүрүшү тууралуу айтып, өкмөттөн экспертизанын жүрүшүн тездетип, өрттөнгөн имараттарды калыбына келтирүүнү өтүнүштү.

Өз кезегинде Аскаров өкмөт "Сейтек" ЖЧК, "Берекет" ЖАК жетекчилигине жабыркаган имараттарды жана соода аянттарын тезинен калыбына келтирүү сунуштамасын бергенин айтты.

"Алгач биз жабыркаган имараттарды жана аянттарды тийиштүү экспертизадан өткөрүүбүз керек. 10-майга чейин бизге тийиштүү маалыматтар берилет. Учурда ишкерлерден документтерди жана арыздарды кабыл алуу боюнча штаб иш алып барууда, ал жакка сиздер да кайрылсаңыздар болот", — деди ал.

Милиция: "Ош" базарындагы өрт боюнча эки адам кармалды
Белгилесек, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктайт.

Вице-премьер ошондой эле финансы-кредиттик уюмдар менен жабыркаган ишкер субъектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

"Ош" базары соода-комплексинде жыл башынан бери үч жолу өрт чыккан. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта жана үчүнчүсү 13-апрелде катталган.