Өспүрүмдөр жана жаш балдарга арналган "Карек" жайкы кино лагеринде келечектин кино жылдыздары билим алат. Бул тууралуу Мадияр Султанакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган лагерде белгилүү режиссёрлор Болотбек Шамшиев, Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Азамат Арыков жана Сүйүн Откеевдер тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.
"Бул жылы "Карек" жайкы кино легери экинчи жолу иштейт. Ага 11-16 жаштагы балдар катыша алат. Лагерь Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Алмалуу этно айылында 1-10-июль күндөрү өтмөкчү. 10 күндүк лагерден балдар тасма тартууга багыт алып, практика жүзүндө да кино жарата алат", — деди уюштуруучу.
Ал балдар жараткан тасмалар ар кандай сынактарга катышарын кошумчалады.