Күн ушу менен жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Эс алуу күндөрүндө аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дем алыш күндөрү — ишемби жана жекшембиде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Кыргызгидрометтин маалыматында 28-апрелде Чүй менен Талас облустарында түндө 3…8 градус жылуу болсо, күндүз 20…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 7…12 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 21…26 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл менен Нарында түндө 1…6 градус болсо, күндүз 12…17 градуска чейин жылыйт.

Жекшемби, 29-апрелде, Чүй, Таласта 8…13 градус жылуу болсо, күндүз 25…30 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 9…14 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 26…31 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 4…9 градус жылуу болуп, күндүз 16…21 градуска чейин жылуу болот.

Нарында түндө 3…8 градус жылып, күндүз 16…21 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми дем алыш күндөрү Бишкек шаарында жаан чачын күтүлбөйт. 28-апрелде түндө 6…8 градус болсо, күндүз 22…24 градуска чейин ысыйт. 29-апрелде түндө 9…11 градус жылуу болсо, күндүз 28…30 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош шаарында ишембиде түндө 9…11 градус жылуу болсо, күндүз 23…25 градуска чейин ысыйт. Ал эми жекшембиде түндө 11…13 градус жылып, күндүз күндүн табы 28…30 градуска чейин көтөрүлөт.