Милиция Bishkek Park борборун курчоого алып, ичиндегилерди чыгарууда

Маалыматты ШИИБ текшерип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Bishkek Park соода борборун милиция курчоого алып, ичиндеги элди чыгарып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Тelegram аркылуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматты аталган борбордун администрациясы да тастыктады.

"Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, имаратты курчоого алышты. Борбордун ичинде жүргөн элди чыгарып жатышат. Аракеттеринин себеби айтылган жок", — дешти соода борборунда иштегендер.

Бишкек ШИИБ маалыматты текшерип жатканын кабарлады.