Айбек Азыранкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik.Айбек Азыранкулов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка президент кол койгон.

Белгилей кетсек, Азыранкулов 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2010-2013-жылдары Чүй облусунун губернатору жана 2014-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп иштеген.